Биз менен байланышыңыз

Майлуу-Сууда мектептер онлайн окутууга өттү

Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 214 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад обулусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өткөнүн маалымдады.

Маалыматка караганда, онлайн окутуу шаардагы абал калыбына келгенге чейин уланмакчы.

12-январда катуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарында таза суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Мындан улам 13-январда Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM