Биз менен байланышыңыз

Оштогу адам өлүмү: «Женго» кармалып, дагы үч адам изделүүдө

Кыска кабар | 13 Янв 2023 | 1522 | 0
Архивдик сүрөт

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн сабап өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу 13-январда Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

13-январга караган түнү саат 01:15 чамаларында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан «РСК» банкынын капталындагы аялдаманын аркасында белгисиз бирөөлөр Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургуну А.Н. аттуу жаранга бир нече жолу бычак сайып, ак түстөгү автоунаа менен изин жашырып кетишкен. Бычак жеген жаран ооруканага жетпей каза тапкан.

Ошондой эле анын шериги, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну Н.М. да жараат алып, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факты боюнча 13-январь күнү Ош ШИИБи соттук-медициналык экспертиза дайындап, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козгоп, тергөө башталган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында шектүүлөрдүн унаасы табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына алып келинген. Мунун негизинде кылмышка шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, кылмыш чөйрөсүнө «Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досонов кармалган.

Учурда кылмышка тиешеси бар делген төмөндөгү үч жаранга издөө жарыяланды:

-Өзгөн районунун 1995-жылы туулган тургуну Раимберди уулу Акылбек;

-Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Коргонбай уулу Эламан;

-Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын 1998-жылы туулган тургуну Шакир уулу Курсантбек.

Ош милициясы бул адамдар тууралуу маалымат болсо, 03222-4-82-82 телефону аркылуу байланышууну өтүнөт.

Милиция мындай аракет кылмыш топторунун ички келишпестигинин натыйжасында жасалганын билдирди.

Кримтөбөл «Женго» жер тилкесин мыйзамсыз басып алууга жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого айыпталган. 2021-жылдын февраль айында ал өзү УКМКга келгенин, андан кийин камакка алынганы айтылган.

Былтыр сентябрда Жогорку Сот Досоновдун иши боюнча эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, иштин материалдарын кайра кароого жөнөткөн.

2022-жылдын 16-июнунда Кадырбек Досоновго карата ачылган иш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Кара-Суу райондук соту тарабынан токтотулган.

2021-жылдын 23-декабрында Досоновдун баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган. 24-декабрда ага карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлгөн.

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү киши колдуу болду

Copyright © 2017 Maral FM