Биз менен байланышыңыз

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү киши колдуу болду

Кыска кабар | 13 Янв 2023 | 1734 | 0

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, бир жаран көз жумду, дагы бири Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Мындай маалыматты Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

УКТ мүчөлөрүнө кол салуу болгону видеого да түшүп калган жана ал социалдык тармакка тарады.

Милициянын маалыматына караганда, 13-январга караган түнү Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын 1993-жылы туулган жаранын белгисиз бирөөлөр сабап кеткен. Ал алган жаракатынан каза болду. Ошол эле түнү Оштун 1995-жылы туулган жараны бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөнү белгилүү болгон.

Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Аталган факты каттоого алынып, шектүүлөр изделүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM