Биз менен байланышыңыз

Ош: Кызыл-Кыштакта айыл башчынын орун басары пара алып кармалды (видео)

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 202 | 0

Карай-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан комплекстүү тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомду жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган.

Кечээ, 11-январда 86 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурунда, Карай-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары 1988-жылы туулган М.Б.С. аттуу жаран кармалды.

Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүп, тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM