Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан: 2 млн 200 миң баланы 682 педиатр тейлейт

Ден соолук | 11 Янв 2023 | 1376 | 0

Кыргызстанда 2 млндон ашык баланы 700гө жакын педиатр тейлейт. Бул өлкөдө педиатр-дарыгерлердин жетишсиздигинен кабар берет. Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ өкмөттүн саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулаган кеңешмесинде педиатрия кызматын жакшыртууну талап кылды. Адистер педиатрлардын жетишсиздигине медициналык окуу жайларда педиатрия факультеттеринин кыскартылышын жүйөө келтиришет. Алар мындан сырткары дагы башка себептерин айтышып, бул маселенин чечүү жолдорун да сунуш кылышты. 

Өлкөдө 14 жашка чейинки 2 млн 200 миңден ашык баланы 682 педиатр-дарыгер тейлейт. Педиатр-дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу максатында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде педиатриялык кызматты калыбына келтирип, эне жана баланын өлүмүнүн себептерин иликтөө боюнча штабдын ишин жандандырууну жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууну тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Шайырбек Сулайманов өлкө боюнча 10 миң балага 0,8 гана педиатр туура келерин айтты.

Ал министрлик тарабынан кесипкөй педиатр-дарыгерлердин санын көбөйтүү максатында комплекстүү иштерди жүргүзүү пландалып жатканын билдирди.

Ошондой эле кандай себептерден улам педиартрлардын аз болуп жатканын түшүндүрдү.

«Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 10 миң калкка 0,8 педиатр туура келет. Ал эми калктын 34%ын түзгөн балдар үчүн өтө аз көрсөткүч. Педиатрлар азыркы учурда жетишпей жатат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору үй-бүлөрлүк медицинага өтүп, бир топ педиатрлардын санынын кыскарышына себеп болду. Өлкө боюнча 700дүн тегерегинде педиатр бар. Көбүнчө Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облусунда педиатрлардын жетиштейт. Бул аймактарда 10 миң калкка 0,3 жана 0,5 дарыгер туура келет. Жогорку окуу жайларда педиатрия бөлүмдөрүнө берилген орундар да кыскарып, жоюлуп баратат. Министрлер кабинетинин чечими туура болду. Учурда министрлик туура багытта иш алып жатат».

Бишкектеги №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатры Диляра Искакова ар бир дарыгер күнүнө 15ке жакын баланы кабыл алса, сасык тумоо күчөгөн убакта күнүнө 50гө чукул баланы тейлеп жатканын айтат.

Дарыгер педиатрлардын көпчүлүгү үй-бүлөлүк дарыгерлердин катарына кошулуп кеткенин кошумчалады.

«Сасык тумоо күч алган учурда бир педиатр 40-50 баланы кабыл алып жатты. Ал эми мындай күндөрдү күнүнө 10-15 бала келет. Биздин борбордо үй-бүлөлүк дарыгерлер эле бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер жаңы конуштарда жетишсиз. Ал эми педиатрлар стационарда жетишсиз. №3 балдар ооруканасында педиатрлар жетишпегендиктен улам биздин борбордун педиатрия факультетин бүтүргөн дарыгерлерибиз барып жардам берип турушат».

Ал эми медицина тармагы боюнча адис, 33 жыл балдар дарыгери болуп эмгектенген Майрам Серкебаева кесипкөй жаш педиатрлар айлык маянанын жетишсиздигинен, жакшы шарттар түзүлбөгөндүктөн улам чет өлкөдөгү ооруканаларда иштеп жүргөнүн айтат. Ошондой эле ал медициналык окуу жайлардагы педиатрия факультеттерин жандантуу керектигин сунуштады.

«Азыркы учурда педиатрлардын жетишсиздиги чоң көйгөйдү жаратууда. Азыркы дарыгерлердин жумушунда жазуу жагы аябай көп. Учурда бир баланы караш үчүн 12-15 мүнөт гана берилет. Бул жетишсиз. Бир баланы тейлеш үчүн 1 сааттай убакыт керектелет. Ошондуктан ар бир педиатрдын жанында жардамчы медайым дагы олтурушу керек. 2005-жылдары педиатрия факультеттерин кереги жок деп, жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдайбыз деп, педиатрияны жаап салышкан. Бул дагы өлкөдөгү педиатрлардын жетишсиздигине алып келди».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 10 миң балага 0,8 гана педиатр туура келет. Адистер бул көрсөткүч жетишсиз экенин айтышууда.

Көбүнчө Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облусунда педиатрлардын саны жетиштейт. Бул аймактарда 10 миң калкка 0,3 жана 0,5 гана педиатр-дарыгер туура келет.

Ал эми Бишкек шаарында болсо жаңы конуштарда аталган дарыгерлердин саны жетишсиз бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM