Биз менен байланышыңыз

Бүгүн парламентте «таксисттерди лицензия алууга милдеттендирүү» жөнүндө мыйзам каралат

Кыска кабар | 11 Янв 2023 | 262 | 0

Бүгүн, 11-январда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары 2023-жылдагы биринчи жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Жыйын саат 10:00дө парламенттин жалпы жыйындар залында башталат.

Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде 14 мыйзам долбоору каралат. Алардын көпчүлүгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору.

Ошондой эле жыйында «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Министрлер кабинети болуп, Ички иштер министрлиги иштеп чыккан.

Анда такси кызматтарын милдеттүү түрдө лицензиялоо каралууда. Аталган демилге Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жылдын декабрында каралаып, колдоо тапкан.

Лицензиянын жылдык баасы такси фирмаларына 1000, таксисттердин өзүнө 500 сом.

Лицензия алуу үчүн айдоочунун үч жылдык тажрыйбасы, техникалык кароодон өтүү (баасы 900 сомдон жогору), камсыздандыруу (баасы 546 сом), патент (500 сом) жана социалдык фондго төлөм (300 сом) талап кылынат. Оң рулдуу автоунааларга берилбейт.

Мыйзам күчүнө кирсе лицензиясы жок иштеген таксисттерге 5 500, фирмаларга 17 000 айып салынат. Эгер үч жолу мыйзам бузуу катталса, такси фирмасынын лицензиясы токтотулат.

Copyright © 2017 Maral FM