Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Тынчтык акциясында 27 адам кармалды

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 274 | 0

Бүгүн, 10-январда кармалган активисттерди, блогерлерди жана саясатчыларды колдоо боюнча тынчтык акциясы өттү. Анда милиция жүрүштүн катышуучуларын, тагыраагы, 27 адамды кармап кеткен.

Жагдай аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренесинин (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренесине (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык, укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн, ал кийин сотко жөнөтүлөрү айтылды.

«Турдакун Усубалиев аянтынын аймагындагы митингдер мыйзамсыз экендиги жөнүндө бир нече жолу эскертилген бирок жарандар бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аталган аянтка карай кыймылын улантышкан» , — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү акциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери плакаттарды алууга мажбурлашкан. Эски аянтка жетпей жүрүштүн катышуучулары кармалып, милициянын автобусуна отургузулуп, Биринчи май РИИБне жеткирилген.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Алар шаардык соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM