Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад: Акцияга чыккандарды милиция кызматкерлери кармап кетишти (видео)

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 235 | 0

Бишкекте массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча камакка алынган активисттердин жана саясатчылардын жакындары уюштурган акция анын катышуучуларын кармоо менен аяктады.

ИИМдин имаратынын алдына чогулган адамдар өкмөт үйүнө жөө жүрүш жасоону пландаштырышкан. Акциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери плакаттарды алууга мажбурлашкан.

Эски аянтка жетпей жүрүштүн катышуучулары кармалып, милициянын автобусуна отургузулуп, Биринчи май РИИБге жеткирилди.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Алар шаардык соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM