Биз менен байланышыңыз

Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 462 | 0

Президент Садыр Жапаров «Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана 2023-жылы туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.

4. Президенттин Иш башкармасы аталган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн.

Уюштуруу комитетинин курамы:

Акылбек Жапаров — Министрлер кабинетинин төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Эдиль Байсалов — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Исхак Масалиев — Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Айбек Джунушалиев — Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;

Алтынбек Максутов — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Уланбек Мамбетакунов — Билим берүү жана илим министри;

Абдикарим Алимбаев — Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абсаттар Сыргабаев — Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Илияз Иманбетов — Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алтынбек Эргешов — Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Зиядин Жамалдинов — Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Бакытбек Нарбеков — Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нурил Алымбаев — Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Бакытбек Джетигенов — Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Каныбек Туманбаев — Президенттин иш башкаруучусу;

Канатбек Абдрахматов — Улуттук илимдер академиясынын президенти;

Кайрат Иманалиев — Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Эрлан Догдурбеков — «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.

Copyright © 2017 Maral FM