Бүгүн, 9-январда Бишкектеги «Дордой-Дыйкан» базарындагы контейнерлердин ээлери иштөөдөн баш тартып, митингге чыгышты.
Соодагерлер жаңы салык кодексинен улам, тактап айтканда , көзөмөл-кассалык аппараттарды жана электрондук транспорттук эсеп-фактураларды киргизүүгө каршылыгын билдиришип, соода жүргүзбөй тургандарын билдиришкен.
Кийинчирээк базарга салык кызматынын өкүлдөрү барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнкөн кийин гана иш ордуларына келишкен.
Электрондук транспорттук эсеп-фактуралар эмне үчүн зарыл?
«Дордой-Дыйкан» базарында 10 жылдан ашык убакыттан бери соода жүргүзүп келе жаткан Айнагүл Турдукулова электрондук транспорттук эсеп-фактураларды киргизүүгө каршы. Ал бул система менен бардык товар кымбаттай турганын, мындан улам элдин нааразылыгы күчөй турганын айтууда.
“Товар биринчи жолу пандемияда кымбаттады. Экинчи жолу болсо былтыр Орус-Украина согушунан улам кымбатчылык күч алды. Мен кир жуугуч каражаттар боюнча айтсам. Мурун эл 2 порошок алса, азыр бир порошокко сатып алганга алы жетпей калды. Эгер бул система кирсе биз эмес, эл толкуп чыгат. Аймактарда абал кыйын. Мурун 10 порошок жөнөтсөк, азыр 5 порошок жөнөтүп калдык. Бул система менен бир порошок жөнөтүп калабыз. Бизде да соода токтоп калды. Мындан ары кантип жашайбыз анан?”
Дагы бир соодагер Сезим Ишенова орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттен эч кандай жардам болбогонун айтып, соодагерлердин 90%ы насыя менен иштеп жатканын билдирди.
Ал электрондук транспорттук эсеп-фактураларды киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнүн, бул жөнүндө толук кандуу маалымат берилбей жатканына даттанды.
Соодагер аталган система аркылуу аймактарды азык-түлүк жана башка товарлар менен камсыздоодо кыйынчылык жараларын айтты.
“Биз азык-түлүк жана башка товарлар менен аймактарды камсыздап, багып жатабыз. Бийликтегилер болсо чоң гипермаркеттер менен салышытырып, “соода жакшы болуп жатат, эл накталай төлөм менен сатып алып жатат” деп ойлоп жатышат. Биздин базар болсо аймактар үчүн иштеп жатат.
Пандемия маалында: “Жабылбагыла, иштеп тургула, элди тамак-аш, азык-түлүк менен камсыздап бергиле”,- деп суранышкан. Биз ден соолукка жана башкасына карабай иштеп бердик, “рахмат” деп да айтышкан жок.
Азыр болсо бул система менен кысып жатышат. Аймактардагы жарандар эч нерсе ичпей жебей калабы? Аймактардагы соодагерлер фирмалар менен иштешсе накталай төлөм деп айтышат, а биз болсо аларга карызга берип жатпайбызбы”.
Базарда иштегендер салык кызматы тарабынан көзөмөл күч алганын, электрондук каттоо талабы коюлуп жатканын, мунун айынан товарлардын баасы жогорулай турганын айтып митингге чыгышкан.
Ал эми Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков кызматкерлер бүгүн жана буга чейин да нааразылык билдирип чыккан соодагерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатканын белгиледи.
Анын айтымында, салык кызматынын жетекчилери электрондук-товардык жүгүртүүнү эмне үчүн жана кантип колдонуу керектигин түшүндүрүп жатат.
Электрондук транспорттук эсеп-фактура эмне үчүн керек?
Аталган система соода жүгүртүүлөр ачык жана айкын көрсөтүлүшү үчүн жана бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү үчүн киргизилген.
Алсак, электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде салык кызматынын базасына автоматтык түрдө маалымат түшөт.
Бул система менен товарлар кымбаттабай турганы, болгону эгер мурун ишкерлер эсеп фактураны кагаз түрүндө жүргүзүп келсе, эми электрондук форматка өтүп, соодагерлерге да мамлекетке да ыңгайлуу шарттар түзүлөрү айтылды.
“Электрондук формат дегенде салык кызматынын сайтына кирип, электрондук склад аркылуу тариздешем, документтерди толтурушат. Көп болсо 10 мүнөттүн ичинде тийштүү маалыматтарды: “саттым, алдым” дегендерди көрсөтүшү зарыл. Бул дагы санариптештирүүнүн жолуна түшүп, салык төлөөчүлөрдү электрондук форматка өткөрүү боюнча атайын долбоор болуп саналат”.
Быйылкы жылдан тарта Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТК) түрү болушу шарт.
Азыр болсо кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келе жатат.
Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.