Бишкектин Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү 188/2 дарегинде пилоттук долбоордун алкагында таштандыны иргеп, таштаганга мүмкүн болгон пункт ачылды.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды сорттоо үчүн атайын эко-жай курулду. Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.
Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды. Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулду. Таштанды үкөктөрүн орнотууда райондун калкынын саны эске алынган.
Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка райондордо уланып жатканы айтылды, долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда. Максаты, жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу, жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.