Биз менен байланышыңыз

Окуучулардын кышкы каникулу узартылды

Кыска кабар | 9 Янв 2023 | 1565 | 0

Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларынын кышкы каникулун 16-январга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов Фейсбук баракчасына жазды.

Бүгүн ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөн. Анын жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынганы белгилүү болду.

Буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, 10-январдан тарта катуу суук түшөрүн билдирген. Алсак, Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -25 градус болору айтылды.

Ал эми коңшу Өзбекстанда сууктан улам окуучулардын каникулу 17-январга чейин узартылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев балдардын кышкы каникулун узартууну сунуштап, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билим берүү министрине кайрылуу жасаган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM