Биз менен байланышыңыз

Министр электр ишканаларына суук күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырды

Кыска кабар | 8 Янв 2023 | 288 | 0

7-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчыда Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жана Кочкордо Нарын электр тармактар  ишканасынын кызматтык жамааты менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары Сабырбек  Султанбеков, Таалайбек Толубаев жана «Улуттук энергохолдинг» ААКтын төрагасы Таалайбек Байгазиев, «КУЭТ» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков катышты.

Энергетиктер менен болгон жыйындын жүрүшүндө ишкананын жетекчилери 2022-жылы аткарылган  иштер тууралуу отчет беришти. Мындан тышкары 2023-жылга коюлган пландар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү талкууланды. Мындан тышкары министр ишкананын жетекчилерине кардарларды ыкчам тейлөө максатында транспортту көбөйтүүнү, Каракол жана Чолпон-Ата шаарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин тездетүүнү, кызматкерлерди коопсуздук каражаттары менен толук кандуу камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Энергетика министри Таалай Ибраев кышкысын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө максатында баардык чараларды көрүп,  ыкчам иш алып барууга чакырды.

«Өзүңөр билгендей Кыргызстан боюнча тоолуу аймактрада өзгөчө суук болот. Алдыда күтүлүп жаткан катуу суук күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып баргыла. Энергетиктердин милдети калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү» — дейт Ибраев.

Мындан тышкары министр жана орун басарлары «Кыргызкөмүр» МИнин Балыкчыдагы көмүр базасына барып, калкка жана ЖЭБге ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү тууралуу жеринен маалымат алды.

Министр Таалайбек Ибраев тиешелүү адистерге алдыдагы суук күндөрдү эске алуу менен калкка жана ЖЭБге көмүрдү тынымсыз ташуу тапшырмасын койду.

Copyright © 2017 Maral FM