Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Янв 2023 | 328 | 0

Бүгүн, 7-январда президент Садыр Жапаров православ динин туткан кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктооодо бул майрам адамдардын жүрөгүнө үмүт, ишеним, сүйүү пайда кыларын, элдин биримдигин, толеранттулугун бекемдей турганын айткан.

“Эгемендүүлүк алган отуз жылдан ашык убакытта көп улуттуу жана көп конфессиялуу элибиздин күчү менен мамлекеттүүлүгүбүз бекемделди. “Кыргыз жараны” деп аталган жарандык иденттүүлүк түзүү жолунда бирдиктүү жана күчтүү коомчулукка айланабыз деп ишенем”, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Анын айтымында, православ чиркөөсү ислам жана башка конфессиялар менен бирге жарандарыбыздын мүнөзүн калыптандырууда маанилүү роль ойноп келет. Ал эми бүгүнкү күндө ал биздин коомдук жыргалчылык, кайрымдуулук жана билим берүү иштеринде ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат.

Өлкө башчысы Рождество майрамы ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, береке жана сүйүү алып келишин каалап, Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендигин билдирген.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM