Биз менен байланышыңыз

Инклюзивдик билим берүү борборунда баланын сабалышын милиция териштирүүдө

Кыска кабар | 4 Янв 2023 | 1336 | 0

Бишкекте реабилитациялык борборлордун биринде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баланы сабаган тарбиячы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды жана териштирүү иштери башталды.

Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки териштирүү иштеринин жүрүшүндө бул окуя 5-кичи райондо жайгашкан инклюзивдик билим берүү борборлорунун биринде болгондугу аныкталган. М.Н. аттуу бала 2022-жылдын августунан бери борборго барып жүргөн.

Тарбиячы баланы сабап, орой мамиле кылып жатканы тууралуу социалдык тармактарда видео тараган. Жарандар укук коргоо органдарынан бул окуяга чара көрүлүүсүн талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM