Connect with us

4-9-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 Янв 2023 | 3014 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

4-январда күндүз күтүлгөн аба-ырайы

Күндүн биринчи жарымында көпчүлүк аймакта кар жаайт, күндүн экинчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө -1…+4°, Талас облустарынын өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда -2 …+3°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -5…-10° суук, тоолуу райондордо -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү жогорку температурасы 2…4°.

5-7-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

5-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 7-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

7-январда күндүз  Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-январда күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

8-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда,  Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө,  Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда,  Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM