Биз менен байланышыңыз

Макеевкада каза болгон орусиялык аскерлердин саны 89га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2023 | 794 | 0

Орусиянын Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 1-январда Донецк облусунун Макеевкага жакын жердеги убактылуу жайгаштыруу пунктуна HIMARS системаларынын соккусунан 89 орусиялык аскери набыт болгон.

Бул тууралуу 4-январда Интерфакс агенттиги жазды.

Буга чейин 63 орус аскер мерт болгону кабарланган. Темир-бетон конструкцияларынын урандыларын тазалоонун жүрүшүндө каза болгон жоокерлердин саны 89га жеткени айтылды.

Сокку аскерлер жайгашкан кесиптик-техникалык окуу жайдын имаратына тийген. Украин каналдары каза болгондор Самара облусунан мобилизацияланганын кабарлашты.

Жаңы жылга караган түнү жана 2-январга караган түнү орус армиясы Киевге жана Украинанын башка шаарларына, Украинанын энергетикалык инфраструктурасына абадан сокку урган, анын ичинде ирандык Shahed камикадзе учкучсуз учактары да колдонулду.

Copyright © 2017 Maral FM