Connect with us

Кыргызстандан Тажикстанга жер семирткичтерди мыйзамсыз ташыгандар кармалды

Кыска кабар | 4 Янв 2023 | 944 | 0

Баткенде минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташыгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

1-январда Чек ара кызматы менен биргеликте түнкү убакта Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Хожа-Ало чек ара айылына мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди ташып келүү аракети токтотулду.

Кыргызстандын 1994-жылы туулган К.М.Д. жана 1994-жылы туулган А.У.М. аттуу жарандары мамлекеттик номери S 9432 S «Ауди 100» маркасындагы автоунааны пайдаланып, Тажикстандын аймагына контрабанда каналын түзүүгө аракет кылып, жакынкы чек ара аймагы аркылуу аз сандагы жүктөрдү ташууну көздөшкөн.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилди. Автоунаа жана 7 кап селитра көлөмүндөгү жүк токтотулуп, жоопту сактоочу жайга коюлган. Бул факты боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM