Биз менен байланышыңыз

Милиция кызматкери мас абалда унаа айдаганы тууралуу маалымат текшерилүүдө

Кыска кабар | 3 Янв 2023 | 728 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы милиция кызматкери ичимдик ичип алып рулга отурганы боюнча тараган маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Буга чейин активист Эртай Искаков телеграмм-каналына видео жүктөп, Сокулукта милиция кызматкери мас болуп, унаа айдаганы тууралуу айткан.

2022-жылдын 20-декабрынан 2023-жылдын 1-январына чейин 647 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталган.

Мекеменин маалыматына караганда, тиешелүү документтери жок унаа айдаган 474, унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылаткан 74, автобейбаштык кылган 6 айдоочу аныкталып, баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү.

Инспекторлор 8-январга чейин «Рулда» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүүдө.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш мас айдоочуну күбөлүктөн ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Эми ага президент кол койсо күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык, айдоочу биринчи жолу ичип кармалса, бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажырайт, кайра кайталанса 3 жылга, ал эми мас абалында кырсыкка кабылса 3 жылга күбөлүктөн ажырайт.

Ошондой эле айрым айыппулдун өлчөмү да көбөйдү. Ылдамдыкты 40тан 60ка көбөйтсө, 7500 сом айып пул салынат, ал эми 60тан ашырса 15 миң сом төлөйт.

Мындан тышкары карама-каршы тилкеге чыккандар 15 миң сом төлөйт. Жол эрежесин одоно бузгандар кайрадан сынак тапшырууга жиберилет. Ошондой эле мурда 15 күндө айыппул төлгөндөргө 70%дык жеңилдик берилсе, азыр анын мөөнөтү бир айга өзгөртүлүүдө.

Буга чейин мас айдоочулардын айыппулу 17 миң 500 сомго чейин көтөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM