Биз менен байланышыңыз

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси соода түйүндөрүнө барды

Кыска кабар | 3 Янв 2023 | 491 | 0

Бүгүн, 3-январда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Бишкек шаарында жайгашкан «Глобус», «Фрунзе», «Народный» соода түйүндөрүнө барды жана көмүр саткан пункттарда болду.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мониторинг социалдык мааниге ээ товарлардын баасы, ошондой эле ун комбинаттарына убактылуу жеңилдиктерди берүү жөнүндө келишимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында жасалды.

Буга чейин дандын жана ундун импортуна кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасы узартылган.

Тайлаков соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен болгон сүйлөшүүдө товарлардын жетиштүү көлөмдө болушу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана метрологиялык көзөмөл мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын белгиледи.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, ушул тапта чекене соода түйүндөрүндө бир адамга 1 кг кумшекер жеңилдетилген баа менен 78 сомдон сатылууда, андан ашык алса 85 сомдон.

1-сорттогу ундан консерваланган буудай нанынын баасы орто эсеп менен 59,4 сомду түзөт.

Биринчи сорттогу буудай уну 42,9 сом/кг.

Тазаланган күн карама майы маркасына жараша литри 125 сомдон 185 сомго чейин.

Ал эми, көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында, кээ бир көмүр сатуучу жайларда таңгакталган көмүрдүн мүшөгү 250 сомдон сатылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM