Биз менен байланышыңыз

Азамат Болгонбаев филармонияга жетекчи болобу? Расмий жооп

Кыска кабар | 3 Янв 2023 | 1296 | 0

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жетекчилигине Азамат Болгонбаевдин барары тууралуу айтылгандар чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Филармониянын учурдагы жетекчиси Кыргызбай Осмонов иш ордунда экени айтылды.

Азамат Болгонбаев бүгүнкү күндө Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору болуп эле иштеп жатат.

«Коомчулуктан суранаарыбыз, жалган жана такталбаган маалыматтарды жазып, аны таратпоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM