Биз менен байланышыңыз

4-январда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 3 Янв 2023 | 396 | 0
“Норус” лыжа базасы.

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 4-январда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында көпчүлүк аймакта кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында кар жаашы мүмкүн, түштөн кийин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +2…+4 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM