Биз менен байланышыңыз

Он бир айда Бажы кызматынан бюджетке 65,6 млрд сом түштү

Кыска кабар | 3 Янв 2023 | 167 | 0

2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгында Бажы кызматынан бюджетке 65 млрд 600 млн сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Бул 2021-жылга салыштырмалуу 158,2 пайызга көп. Башкача айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу 24 млрд 200 млн сомго көп каражат чогулду. Жылдык план болжол менен 90,4 пайыз аткарылды же 6 млрд сом аз болууда. «Бирок декабрь айынын жыйынтыгы менен планды аткарабыз деп жатабыз», — деди ал.

2022-жылга болжол менен 98,5 млрд сом суммасында жылдык план коюлуп, ал сумма 73 млрд 700 млн сомго өзгөртүлгөн.

2022-жылдын 11 айында бажы мыйзамдары боюнча укук бузуулар жана кылмыштардын 3 миң 482 фактысы катталды. Келтирилген зыяндын суммасы 482 млн 600 миң сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM