Биз менен байланышыңыз

Кармалган дарыгерлерге жардам берүү үчүн акча чогултуу башталды

Кыска кабар | 3 Янв 2023 | 4140 | 0

Медициналык профсоюздун жетекчиси Бермет Барыктабасова камактагы беш дарыгерди колдоо үчүн каражат чогултууну баштоо өтүнүчү менен кайрылды.

Ал белгилегендей, юридикалык жардам, адвокаттык жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө багытталган чогултулган каражаттын ачык-айкындуулугуна жана отчеттуулугуна кепилдик берилет.

  • «О! Деньги» — 9996701951183 (Нурзат Жумалиева);
  • «Мбанк» — 996555951183 (Нурзат Жумалиева);
  • Optima — 4169 5853 4295 9581 (Перизат Анарбекова);
  • «Элкарт» — 9417 3090 0031 1202 (Перизат Анарбекова).

2-январда Бишкек шаарынан беш дарыгердин кармалышы боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматкеринин айтымында, 2022-жылдын 14-ноябрында «102» кызматына чалышып, борбордук өлүкканага жаш баланын сөөгүн алып келишкенин айтышкан. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки иликтөө башталган.

Алгачкы териштирүүлөрдө маалым болгондой, ичи катуу ооруган баланы ооруканага 13-ноябрда саат 7:00дө алып келишкен. Ошол эле күнү баланы 12:30да башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Бала ал жерден эсине келбей чарчап калган.

Факт боюнча 146-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен иш козголуп, экспертиза дайындалган.

Эксперттердин корутундусунун негизинде баланын өлүмүнө шектүү катары кармалгандар Ленин райондук ИИБнин тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Ленин райондук сотунун чечимине ылайык, беш дарыгер 10-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алынып, бир дарыгерүй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM