Биз менен байланышыңыз

Орусия Макеевкадагы соккудан 63 аскердин өлгөнүн ачыктады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Янв 2023 | 695 | 0

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын куралдуу күчтөрү Донецк облусунун Макеевка аймагына ракеталык чабуул жасаганын жана анда 63 орус аскери набыт болгонун билдирди. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.

Ал эми телеграм каналдар жүздөгөн орус аскерлери каза болгонун маалымдашкан. Би-Би-Синин Киевдеги кабарчысы белгилегендей, бул Орусия баштаган согуштагы украин армиясынын эң кандуу чабуулдарынын бири деп бааланууда.

Сокку аскерлер жайгашкан кесиптик-техникалык окуу жайдын имаратына тийген. Украин каналдары каза болгондор Самара облусунан мобилизацияланганын кабарлашты.

Жаңы жылга караган түнү жана 2-январга караган түнү орус армиясы Киевге жана Украинанын башка шаарларына, Украинанын энергетикалык инфраструктурасына абадан сокку урган, анын ичинде ирандык Shahed камикадзе учкучсуз учактары да колдонулду.

Copyright © 2017 Maral FM