Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылдын алгачкы суткасында 298 ымыркай төрөлдү

Кыска кабар | 1 Янв 2023 | 946 | 0

2022-жылдын 31-декабры саат 8:00дөн 2023-жылдын 1-январы саат 8:00гө чейин өлкө боюнча 298 ымыркай төрөлгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Ымыркайлардын 165и уул, 133ү кыз болгон. Алардын ичинен Ош облусунан бир келин эгиз төрөгөн.

Жаңырган жылдын биринчи ымыркайы Ош шаарындагы перинаталдык борбордо 3.300 кг салмакта уул төрөлгөн. Андан соң 00:05те Ысык-Ата райондук төрөт үйүндө 3.450 кг салмакта уул, 00:10до Сокулук райондук төрөт үйүндө 3.175 кг салмакта кыз жарыкка келген.

Ал эми Бишкек шаарында 22 уул, 24 кыз төрөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM