Биз менен байланышыңыз

Катализаторлорду сыртка ташып чыгууга тыюу салуу мөөнөтү узартылат

Кыска кабар | 1 Янв 2023 | 515 | 0

Экономика жана коммерция министрлиги автоунаа катализаторлорундагы металлдарды, калдыктарды чет өлкөлөргө ташып чыгуу тыюу салган мыйзамды дагы алты айга узартуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Айтылган мыйзам долбоордун түшүндүрмө катында унаанын түтүнүнөн бөлүнүп чыккан уулуу заттар экологияны булгап, адамдардын ден соолугуна зыянын тийгизип жатканы айтылат.

Айта кетсек, катализаторлорду чет өлкөлөргө ташып чыгууга ушул жылдын 1-августунда алты айлык мөөнөткө тыюу салынган. Бул долбоордо ошол тыюуну андан ары узартуу сунушталган.

Катализатор — унаадан чыккан азот кычкылы, ис, көмүр кычкыл газы сыяктуу уулуу заттарды тазалап турган чыпка. Аны жасоодо платина, палладий, радий баалуу металлдары пайдаланылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM