Биз менен байланышыңыз

Кытай январдан тарта чет элдик туристтер үчүн карантинди алып салат

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 299 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытай бийлиги 2023-жылдын 8-январынан тарта өлкөгө кирүү боюнча карантиндик эрежелерди өзгөрткөнүн билдирди.

Келерки жылдын 8-январынан баштап Кытайга кирүү үчүн Кыргызстандагы дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен атайын ден соолук QR-кодун алуу талабы жокко чыгарылат.

Кытайга сапар алган жарандар кетерден мурда 48 саат ичинде жасалган ПЦР-тесттин жыйынтыгы тазава чыкканы тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек. Бардык жүргүнчүлөр учакка түшкөн учурдан тарта жана Кытайга учуу учурунда беткап кийүүгө милдеттүү болот.

Кытайга баргандар обочолонуудан милдеттүү түрдө өтүү талабы да жокко чыгарылат. Жарандар бажылык ден соолук декларациясын толтурууда тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Декларацияда ден соолугу начар экендигин көрсөткөн же ден табынын көтөрүлгөнү байкалган жарандар бажы органдарында антиген тестин тапшырышат. Эгер оору аныкталса, айыкканга чейин үй шартында карантин же ооруканада дарылануу сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM