Биз менен байланышыңыз

Келерки жылы Нарында ирригация жана жайыттар боюнча долбоор иштейт

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 274 | 0

2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин Нарын облусунун айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын өнүктүрүү, жайыттарды башкаруу маселелерин чечүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Пилоттук долбоордун алкагында сууга алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун, башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасы түзүлөт. 2023-жылдын аягына чейин долбоордун кандай иштеп жатканына талдоо жүргүзүлөт.

2025-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоордун натыйжалары изилдөөгө алынат жана ал башка облустардын аймактарына иштей баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM