Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 268 | 0

Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Жапаров элчинин ишеним грамотасын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстандын АКШ менен пайдалуу негизде кызматташууга даярдыгын белгилеп, Лесли Вигеринин бай дипломатиялык тажрыйбасы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого жардам берерине ишеним билдирди.

Элчи АКШ менен Кыргызстандын достук мамилелерин белгилеп, ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин айткан.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси 20-ноябрда кызматка киришкен. Ал АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген.

Американын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Дональд Лу мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM