Connect with us

Лотереянын акыркы туруна 176 миңден ашык адам катышууда

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 450 | 1

Бүгүн, 30-декабрда «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушу өтөт. Ага 18 млн 844 миң 542 лотереялык ID-билет менен 176 миң 896 адам катышууда.

Катышуучулар «Салык чек» тиркемеси аркылуу 19,2 млрд сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти.

Лотереянын үчүнчү турунда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен 1 бир бөлмөлүү батир, 2 электромобиль, 12 даана iPhone 13, 11 смартфон, 26 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

Оюн саат 15:00дө УТРК жана Ала-Тоо 24 телеканалдарында, Салык кызматынын Facebook, YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM