Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту беш миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 200 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу  беш миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи. Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген жаранга белектер жана 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

29-декабрда «Манас 2» аэробекеттик комплексинде салтанаттуу иш-чара өтүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, «Манас» эл аралык аэропортунун» башкы директору Манасбек Самидинов, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын өкүлдөрү катышты.

Беш миллионунчу жүргүнчү Абай кызы Наркизага «Авиа Траффик» авиакомпаниясынан 2 акысыз билет берилди. «Манас Менеджмент Компаниясы» «Манас» аэропортунун VIP-залында акысыз тейленүү мүмкүнчүлүгүн белек кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM