Биз менен байланышыңыз

Президенттин Баткендеги өкүлү Алимбаевге генерал наамы ыйгарылды (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 402 | 0

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевге генерал наамы ыйгарылды. Мындан тышкары, ички иштер министринин орун басарлары Адылбек Бийбосунов, Эркебек Ашырходжаев жана Сүйүнбек Ниязбековго генерал наамы берилди.

Сыйлыктарды президент Садыр Жапаров 29-декабрда ИИМдин ички аскерлеринин казармасынын ачылышында тапшырды.

Мамлекет башчы Ички иштер министрлигинин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнө сыйлыктарды жана автоунааларды тапшыргандан кийин 100 аскер кызматкерине ылайыкталган жаңы казарманы көрүп чыкты.

Жаңы имараттын курулушу Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын август айында башталып, 3 айдан кийин пайдаланууга берилген. Ага бөлүнгөн аймакта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы жайгашат.

Copyright © 2017 Maral FM