Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров өзгөчө макам берилген окуу жайлардын ишин сындады

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 440 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзгөчө статус ыйгарылган 5 жогорку окуу жайдын ишин сынга алды. Өкмөттө өткөн жыйында айтылгандай, беш окуу жайга өзгөчө макам берилгенден бери 6 ай өттү, бирок өнүгүү стратегиялары, келерки жылга конкреттүү иш пландары, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана университетти башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар жасалган жок.

«Мүмкүн болушунча тез арада мүлктү инвентаризациялап, жатаканалардын абалы менен таанышып, убакыт, сапат жана натыйжалуулук менен өлчөнө турган конкреттүү максаттарды жана милдеттерди камтыган иш-чаралардын планы даярдалсын. Жогорку окуу жайлар инновациялык, креативдүү бизнес-идеялар менен чыгышы керек. Долбоорлор реалдуу жыйынтык берсе, ага колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Быйыл 19-июлда президенттин жарлыгы менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө статус ыйгарылган.

Жарлыктын максаты, бул окуу жайлардын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM