Биз менен байланышыңыз

Реабилитациялык борбор бир айда майыптыгы бар 100 баланы дарылоодон өткөрөт

Коом | 30 Дек 2022 | 804 | 0

Бүгүн, 29-декабрда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Келечек” реабилитациялык борбору ачылды. Учурда президенттин иш башкармалыгына караган бул жер тилкеси мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кан сарайы болчу. 2010-жылдын 7-апрелиндеги төнкөрүш маалында имарат өрттөнүп кеткен. Андан кийин аны үй-жайсыз майыптар башпаанек кылып келишкен. 88 орундуу бул борбордо балдардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн бардык заманбап шарттар каралган. Кыргызстанда 200 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Анын 35 миңи балдар.

Бишкек шаарынын тургуну Жылдыз Кокоева реабилитациялык борборго небересин алып келген. Небереси төрөлгөндөн бери церебалдык шал оорусунан жабыркап келет. Мындан улам ал дайыма атайын дарылоодон өтүп, массаж алып турууга муктаж. зарыл.

Жылдыз апа үчүн реабилитациялык борборлор шаардан алыс жерде жайгашкандыктан кыйынчылык жатарып келген. Эми жаңы борбор шаар ичинде болгону ыңгайлуу болот.

“Биздин диагноз боюнча биз жылына эки жолу реабилитациядан өтүшүбүз керек. Ошол себептен биз Воронцовка айылында же Ак-Суу айылында жайгашкан реабилитациялык борборлордо жатып дарыланып турабыз. Бирок ал жактарга баруу өтө эле алыс болчу жана дароо эле эмес, 1-2 айдан кийин гана барып жатса болот. Ошондуктан бул борбор аябай жакшы болду. Үйгө жакын, компьютердик сонун класстар бар экен, жылуу, жарык, шаардын борборунда жайгашкан, дарыгерлер көп жана тажрыйбалуу экен”.

Бишкектин дагы бир жашоочусу Мээрим Бопоева эгиз балдардын жалгыз бой энеси. Биринчи баласынын оң көзү көрбөйт, экинчиси шал оорусу менен ооруйт.

Ал өзү башка реабилитациялык борбордо иштеп, майыптыгы бар балдар менен иш алып барат. Баласы да ошол борбордон реабилитациядан өтөт. Жаңы борбор тууралуу ой бөлүшүп, дарыгерлердин көптүгүнө, жакшы шарттардыш түзүлүшүнө сүйүнгөнүн билдирди.

Реабилитациядан өткөн экинчи баласы ушул жыл ичинде бир топ жетишкендерге жеткенин айтып берди.

“Балдарымды шахматка бергем. Биринчи уулум мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасынын быйыл шахмат боюнча чемпион болду. Бул экинчи уулум болсо жаңы эле барып баштады. Реабилитациялык борбордо массаж, атайын дене тарбия терапиясын алып жүрөбүз. Ошол себептен балам аябай жакшы жетишкендерге жетти. Өз алдынча отуруп калды, ваннага отургузуп койсом өзүнө суу куюп жуунуп калды, тиштерин да өзү жууп калды. Бул борбор да балдарга жакшы жана эффективдүү кызмат көрсөтүп, балдардын өнүгүүсүнө чоң бир салым кошот деп ишенем”.

Бишкек шаарындагы Жибек Жолу 519 дарегинде жайгашкан “Келечек” балдар реабилитациялык борбору 4-жаштан 18-жашка чейинки майптыгы бар балдар үчүн ылайыкталган. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген балдарды кабыл алып дарылоого мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Үч кабаттуу борбордун имараты 88 орундуу, балдарды гана эмес, алардын ата-энелерин да кабыл ала алат. Долбоор боюнча имараттын аянты 1 756 чарчы метрди түзөт.

Борбордун имараты шаардык электр жана суу менен камсыздалган (муздак жана ысык суу), канализация жана жылуулук тармактарына кошулган.

Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Чынаргүл Түмөнбаева айтып, буларга токтолду.

“Балдарга кызматтардын эки түрү: күндүзгү жана түнкүсүн көрсөтөбүз. Бир айда 100 реабилитация алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул жерде комплекстүү реабилитация көрсөтөбүз: медициналык-социалдык жана социалдык-педагогикалык. Борбордогу шарттары атайын майыптыгы бар балдар үчүн түзүлгөн. Күнү-түнү реабилитациядан өтүп жаткан балдарга төрт маал тамак берилет”.

Балдар борборунун ачылышына катышкан мамлекет башчы Садыр Жапаров, ушул сыяктуу борборлор өлкө боюнча куруларына ишендирди.

“Көйгөйлөр бир четинен чечиле баштады, бул сыяктуу иш-аракеттер, албетте, улантылат.“Көйгөйлөр муну менен чечилип калды” дегенден алыспыз. Мындан башка Реабилитациялык борборлорду дагы салабыз, буйруса.

Биз мындай балдарыбызга ар дайым колдоо көрсөтүшүбүз керек! Себеби, кайрымдуулук, мээримдүүлүк, боорукерлик сапаттары каада-салтты, нарк-насилди бекем кармап келген элибиздин кан-жанына сиңген. Ата наркы менен келаткан мындай асыл сапаттарды сактап, андан ары улап кетүүбүз абзел.

Эң башкысы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо маселесинде ар бирибиздин жан дүйнөбүз өзгөрүшү керек”.

Реабилитациялык борбордо церебралдык шал оорусу, аутизмдин ар кандай көрүнүштөрү, даун синдрому, сүйлөөсү кечигүү сыяктуу оорулары бар балдар акысыз дарыланат.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттери Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин үйлөрү мурун эле соттун чечими менен конфискация болгонун быйыл июнда билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM