Жогорку Кеңеш “Банктар жана банк иши жөнүндө” токтом кабыл алды. Анын максаты Улуттук банкка коммерциялык банктардын кардарларынын көйгөйүн чечүү боюнча тапшырма берүү болуп эсептелет. Банктарды иши тескөөгө алынып, валюталык рынокту турукташтырууга шар түзүлөт. Азыркы мыйзам боюнча банктар кардарлар менен келишим негизинде иштейт. Пайыздык чендерди өздөрү аныктайт.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» токтомдун долбоорун сунуштоодо. Ал чет жактан Кыргызстанга акча которуудагы көйгөйлөр менен ишкерлер жана мигранттардан көп даттануулар түшкөнүн айтты. Анын маалыматына караганда, чет өлкөдөн которулган акчаны банктан накталай алууда 5%га чейин комиссия кармап калышат, эгер сомго айлантып ала турган болсо Улуттук банк көрсөткөн курстан арзан эсептеп жатышат.
“Экспорттук же импорттук товарга келип түшкөн акчаны накталай алам десе, комиссия деп коебуз, ошонун негизинде 5 пайызга чейин акчаны кармап калып жатат. Бул сырттан келген көптөгөн импорттук товардын кымбатташына себеп болуп жатат. Ошондой эле экспортко чыккан товардын арзан сатылып жатканына алып келип жатат. Эгерде өзүбүздүн мамлекеттик валютага Улуттук банктын курсунун негизинде алмаштырып бергиле десе, ага болбой банктар өздөрү каалаган, өздөрүнө ыңгайлуу курстарды коюп алмаштырып берип жатат. Биздин ишкерлер ушул жерден күйүп кетишет”, — деп билдирди Жумабеков.
Депутат эгер бул токтом максатына жетпесе, тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну убадалады.
Сөз болуп жаткан пайыздык ченем бир жыл мурда 0,33% болсо, бүгүн 3%дан 5%га чейин болууда.
Мисалы, ишкер чет өлкөгө 100 миң долларлык товар экспортко чыгарса, коммерциялык банктар 5 миң долларга чейин комиссия кармайт. Депутаттын түшүндүрмөсүндө, Улуттук банк АКШ долларынын валюталык курсун 86 сом деп көрсөткөнү менен, коммерциялык банктар 3 сомго чейин аз айырма менен алмаштырып берет.
Улуттук банктын өкүлдөрү буга жеке банктардын укугу бар экенин, пайыздык ченемди коммерциялык банктар өз кардарлары менен макулдашып, иш алып баруусуна мыйзам жол берерин билдирди.
Бирок депутат Кундузбек Сулайманов коммерциялык банктардын мындай аракеттерине Улуттук банктын кызматкерлеринин да тиешеси бар экенин айтып, токтомдун долбооруна алардын жоопкерчилигин да киргизүүнү сунуштады.
“Улуттук бан бул ишке өзү аралашкан. Булар аны атайын унчукпай карап турушат. Бул жактан биздин берген сунуштардын, айтып жаткан сөздөргө маани бербей жатканынын себеби — алар өздөрү бул ишке аралашкан. «Силер билгениңерди кыла бергиле, биз көз жуумп коебуз. Жогорку Кеңеш сүйлөй берет» дегендей кылып жатат. Мен Улуттук банктын кызматкерлерине, төрагадан баштап тиешелүү иш-аракет көрбөгөнү үчүн жоопкерчиликке тартууну сунуштайт элем. Ушуну токтомго киргизип койсоңуз”, — деди Сулайманов.
Банктардын ишердүүлүгү Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери сынга кабылып келет. Бул маселе өкмөттүн отчеттук жыйынында да көтөрүлүп, президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасына абалды турукташтыруу боюнча тапшырмаларды берди.
Анда Жапаров өз атына акча алмаштыруудагы машакаттар тууралуу жарандардан арыздар түшүп жатканын, аны Улуттук банк эмне үчүн көзөмөлгө албай жатканын сураган. Ал коммерциялык банктарга которулуп жаткан акчаны мамлекеттик банктар аркылуу жарандарга жеңил шартта алып берүүнү сунуштаган.
“Жылдын башынан тартып коммерциялык банктар долларды накталаай акчага алмаштырууда чоң өлчөмдө комиссия алып жатат деген арыздар түшкөн. Бизде 3 мамлекеттик банк бар, ошону сиздер эмне үчүн ушуларга которуп, шарттарды түзүп, пайыздык ченемди ылдыйраак кылып бере албайсыңар? Мындай кылсаңар элге да пайда, мамлекетке да пайда болот эле. Эмнеге муну колго ала албайсыңар? Ушуну мамлекеттик банктарга алсаңар бүгүнкү күндөн да көбүрөөк пайда түшмөк”, — деди Жапаров.
Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мындай сунушту карап көрөрүн билдирген.
“Бул иштер боюнча биз көзөмөлгө алып, иш жүргүзүп жатабыз. Ошондой акча алмаштырган жайларга биздин текшерүүчүлөр барып айып пул салышат. Негизи ал боюнча жумуштар жүрүп жатат. Биз бул багытта министрлер менен дагы чогуу чараларды көрөбүз”, — деп билдирди төрага.
Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясын алган жалпы 23 коммерциялык банк бар. Ал эми “Айыл банк”, “РСК банк” жана “Керемет банк” коммерциялык банктары 100%дык үлүшү менен мамлекетке карайт.
Кыргызстанда доллардын тартыштыгы Орусия Украинага кол салгандан бери байкалып келет. Экономисттердин айтымында мындай валюталык таңкыстык Орусияга Кыргызстан аркылуу доллар которулуп келет.
Парламент депутаттары буга чейин доллар мыйзамсыз сыртка ташылып жатканын да айтып чыгышкан эле.