Биз менен байланышыңыз

КНСтин нөлдүк ставкасы узартылды. Ун менен нандын баасы кымбаттабайт

Кыска кабар | 29 Дек 2022 | 827 | 0

Дандын жана ундун импортуна кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасы узартылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз катчысы “Маралга” билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-декабрда мамлекеттик органдар менен ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын ортосунда тийиштүү макулдашууга кол коюлду. Ал жарым жыл бою күчүндө болору болжолдонууда.

«Бул мезгилдүү келишим. Бул жылы бизде мындай практика болдщу. Ун чыгаруучулар ассоциациясы өз милдеттенмелерин аткарды. Республиканы үч айлык кол тийгис запас менен камсыз кылды, аны өндүрүүчүлөр өз кампаларында сактап келишкен. Алар биз менен макулдашып, бааларды жөнгө салышты. Мунун аркасы менен биз ун жана ун азыктарынын баасын туруктуу кармай алдык. Бул практика президенттин тапшырмасы боюнча ишке киргизилген жана бул республикалык бюджеттен өтө чоң жоготууларга алып келгенине карабастан, биз аны узартып жатабыз», — деди экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Министр кошумчалагандай, бул келишимдин мөөнөтү дан эгиндеринин жаңы түшүмүнө кандай баа болооруна жараша болот.

«Бардык нерсе жаңы түшүмдүн баасы кандай боло турганынан көз каранды болот. Өткөн жылы макулдашуу жыл бою күчүндө болгон».

Буга чейин 2023-жылдын 1-январынан тартып ун 15%га, нан 20%га кымбатташы мүмкүн экени кабарланган. Баанын кымбатташын данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктап жатканы менен байланыштуу болгон. Мындан улам ун өндүрүүчүлөр ассоциация министрлер кабинетине тиешелүү токтомдун мөөнөтүн узартууну сунуш кылган.

Андан кийин айыл чарба министрлиги ун жана дан импорттоочуларды КНС төлөөдөн бошотуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө токтомдун долбоорун демилгелеген.

Бүгүн Экономика жана Коммерция министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчылары ун ишканаларынын ассоциациясы менен жаңы келишимге кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM