29-декабрда ар тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Алардын арасында Жогорку Кеңештин үч депутаты бар. Алар:
-«Ишеним» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова «Даңк» ордени менен сыйланды;
-«Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Надира Нарматова жана Камила Талиева «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер» наамын алышты.
Президент Садыр Жапаров сыйлык алгандар жалпы Кыргызстандын ишенимдүү таянычы, тиреги болуп саналарын айтты.
Сыйлыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга ыйгарылды.