Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура УКМКнын билдирүүсүнө жооп берди

Кыска кабар | 28 Дек 2022 | 563 | 0

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө жооп берди. УКМК ага чейин Сузак жана Кочкор райондорунун прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аракетсиздик жана кылмыштарды жашыруу фактылары бар экенин билдирген.

«Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү боюнча айтылгандар чындыкка дал келбейт жана анын мазмуну субъективдүү болуп эсептелет, ошондуктан ал кылмыштуулукка каршы күрөш жана мыйзамдуулукту орнотуу боюнча прокуратуранын реалдуу ишин чагылдырбайт.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кочкор жана Сузак райондорунун милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринде мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

Прокуратура органдары берилген ыйгарым укуктарынын чегинде жана жазык-процесстик нормаларды так сактоо менен укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам-издөө иштерине көзөмөл кылат.

Ал эми аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча күнөөлүү адамдарга, анын ичинде прокуратура органдарынын кызматкерлерине кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейин мыйзамда каралган чаралар көрүлүүдө», — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

УКМК аткаруу бийлигинин, укук коргоо жана жергиликтүү көзөмөл органдарынын жетекчилерине кызматтык милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылгандыгы үчүн жоопкерчилик караларын эскерткен. Атайын кызмат жакында эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандардын жана Кочкор, Сузак райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бир катар кызматкерлери кармалганын эске салды.

Бул милиция жана прокуратура кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аракетсиздик жана кылмыштарды жашыруу фактылары жөнүндө күбөлөндүрөрүн билдирген.

Кылмыштуу топтор менен «достошкон» милиция. Соңку окуялар эмнеден кабар берет?

Copyright © 2017 Maral FM