Биз менен байланышыңыз

Президент иш кагаздарын кыргыз тилинде даярдабаган министрликтерди сындады

Кыска кабар | 28 Дек 2022 | 286 | 0

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин 28-декабрдагы жыйынында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүгүртүү боюнча көрсөткүчтөрдү сындады.

Анын маалыматына караганда, 2022-жылы иш кагаздарын кыргыз тилинде жүгүртүү боюнча Infodocs системасы аркылуу айрым министрликтердин жана ведомстволордун статистикалык көрсөткүчтөрү төмөн болду:

Экономика жана коммерция министрлиги — 13 пайыз.

Санариптик өнүгүү министрлиги — 12 пайыз.

Юстиция министрлигинде — 13 пайыз.

Энергетика министрлигинде — 17 пайыз.

Жапаров көрсөткүч 50 пайыздан кем болбош керектигин белгиледи.

«Өнөр алды — кызыл тил» дейт элибизде. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн эне тилдин өзгөчө орунду ээлей турганы курулай сөз жүзүндө калып, кагаз бетиндеги макала-баяндамаларда эле айтылып, иш жүзүндө ага көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык. Бул багытта чечилбеген маселелер абдан көп» , — деди өлкө башчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM