Биз менен байланышыңыз

Өкмөт «эң мыкты» делген мамлекеттик органдарды аныктады

Кыска кабар | 28 Дек 2022 | 233 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана мекемелердин ишинине мониторинг жүргүзүлүп, баа берилгенин айтып, жыйынтыгын жарыялады.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча «мыкты», «жакшы», «канааттандырарлык» жана «начар» деген баа берилген.

— «мыкты» деген баа менен – 10 мамлекеттик орган;

— «жакшы» деген баа менен – 19;

— «канааттандырарлык» баасын – 3;

— 1 мамлекеттик органга «начар» деген баа берилген.

«Эң жакшы» деген баа алган органдар:

— Мамлекеттик салык кызматы;

— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

— Ички иштер министрлиги;

— Коргоо министрлиги;

— Тышкы иштер министрлиги;

— Юстиция министрлиги;

— Улуттук статистика комитети;

— Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Социалдык фонд.

«Эл бизден көрүнүктүү натыйжаларды күтүүдө, анткени тармактык саясатты жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржы ресурстары бөлүнгөн, бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы болуп көрбөгөндөй көбөйтүлгөн жана кадрларды тандоо процессине эч ким кийлигишпейт. Болгону иштөө жана өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин так аткаруу гана калды», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Бүгүн президенттин төрагалыгында өкмөттүн отчеттук жыйынын өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM