Биз менен байланышыңыз

УКМК видео таратып, депутат менен кримтөбөл жолугушканын билдирди

Кыска кабар | 28 Дек 2022 | 390 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Асанбек менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун жолугушканын кабарлады.

Атайын кызмат билдиргендей, 2022-жылдын 25-декабрында депутат Чолпон-Ата шаарындагы «Барс» спорттук эс алуу комплексинде Көлбаев менен жашыруун жолугушуу үчүн барган. УКМК бул боюнча далилдүү фактылар бар экенин билдирүүдө.

УКМК мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде депутаттарга кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертип, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланарын белгилейт.

Өмүрбек Бакиров 27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкканын «Азаттык» жазган. Ал эки сааттай суралганын, суроолор эч кайсы ишке байланыштуу эмес экенин билдирген.

Депутат Бакиров Көлбаев менен жолукпаганын айтты

Copyright © 2017 Maral FM