Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 29-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +5…+7 градус болот.