Connect with us

Элчи Руслан Казакбаев Эрдоган менен жолугушту

Кыска кабар | 28 Дек 2022 | 280 | 0

Кыргыстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Анкарадагы президенттик сарайда өттү. Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.

Руслан Казакбаев кыргыз тарап Түркия менен кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеп, президент Садыр Жапаровдун түрк президентин 2023-жылы Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырганын айтты.

Режеп Тайып Эрдоган Казакбаевди Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, элчинин ишине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык бир туугандык мамилелердин өнүгүшүнө ишенимин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM