Connect with us

Садыр Жапаровдун төрагалыгында өкмөттүн жыйыны өтөт

Кыска кабар | 28 Дек 2022 | 400 | 0

Бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат.

Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга иш планы каралат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Өкмөттүн жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт. Көрсөтүү саат 14:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM