Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Ачкачылык кармагандардын үчөө калды

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 679 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча абакта ачкачылык жарыялаган 17 кишинин үчөө калды, калганы ачкачылыгын токтотту.

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, учурда ачкачылыкты улантып жаткандар эркектер.

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароону улантты.

Бишкектин №1 тергөө абагына 24 адам камалып, экөө үй камагына чыгарылган. Экинчи инстанциянын чечими менен төмөнкүлөр камакта калтырылды:

Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Марат Баязов, Атай Бейшенбек, Чынгыз Капаров, Мамбетжунус Абылов, Акыл Айтбаев, Бекчоро уулу Эрлан, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Илгиз Шаменов, Жеңиш Молдокматов, Али Шабдан, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Асия Сасыкбаева.

Copyright © 2017 Maral FM