Биз менен байланышыңыз

Салык кызматынын лотереясынан 369 катышуучу четтетилди

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 863 | 0

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын шарттарын бузгандыгы үчүн 369 катышуучу лотереянын үчүнчү утушуна катышуу укугунан ажыратылды, алар топтогон ID номерлер жокко чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. 

Мындай чечим Ведомстволор аралык байкоочу комиссия тарабынан сканерден өткөрүлгөн кассалык чектерди текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынды.

Лотереянын шарттарынын 7.2-пунктунна ылайык, лотереянын операторунун жана уюштуруучусунун кызматкерлеринен тышкары, 18 жашка толгон жаран гана катыша алат. 

30-декабрда лотереянын 3-утушу өтөт. Анда Бишкектен бир бөлмөлүү батир, эки электромобиль, 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, ошондой эле 26 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

Spisok_kg

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM