Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук көбөйдү

Коом | 27 Дек 2022 | 725 | 0

Быйыл Ош шаарында кылмыш жасаган өспүрүмдөрдүн саны өстү. Милиция кызматкерлери сандын өсүшү тышкы жана ички миграцияга байланыштуу экенин айтышууда. Себеби ата-энелер балдарын туугандарына берип, кароосуз калтырууда. Натыйжада алар коомдук тартипти бузуп, ар кандай кылмыштарды жасап жатышат. Буга байланыштуу милиция кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр жасаган кылмыштын түрүнө карата мыйзам чегинде кандай жоопкерчиликке тартылат? Мындай кылмыштардын алдын алуу үчүн кандай чаралар керек? 

Быйыл Ош шаарында 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр арасында кылмыш жасагандардын саны көбөйдү. Өткөн жылы 89 кылмыш катталса, ушул жылы кылмыштуулуктун саны 115и түздү.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма көз кызматкери Замир Сыдыков билдиргендей, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун өсүшү тышкы жана ички миграцияга байланыштуу.

Ал өспүрүмдөр тарабынан кандай кылмыш фактылары катталганы тууралуу маалымат берди.

«2022-жылдын 11 айында Ош шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөр арасында 115 кылмыш катталган. Былтыр 89 кылмыш иши катталган. Быйыл жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган жана аларга карата жасалган кылмыштардын саны өскөнү байкалды. Өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын көпчүлүгүн уурулук жана тоноо болуп саналат. Алардын ичинен 54 уурулук, 38и тоноо фактылары. Мындан сырткары алдамчылык, автоунааны айдай качуу жана каракчылык сыяктуу кылмыштар да катталууда».

Буга чейин Ички иштер министрлиги өлкө боюнча мектептерде «Лидер» деп аталган рейд өткөрүп келген. Ал өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана талап-тоноо, араздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, кесепеттери менен күрөшүү максатында уюштурулган.

Адвокат Бексултан Осмонов Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жаран кылмыш жасагандыгы үчүн 16 жаштан баштап жоопкерчиликке тартыларын айтты. Бирок ал өспүрүмдөргө карата сот гумандуу чечим чыгарарын белгиледи.

«Бирок мыйзамда көрсөтүлгөндөй, кээ бир кылмыштар, мисалы адам өлтүрүү, уурдоо, каракчылык, зордуктоо сыяктуу атайын жасалган кылмыштар үчүн жаран 14 жаштан тартып жоопкерчиликке тартылат. Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн, эгер ошол кылмыш жасаган адам 18ге чыга элек болсо, тергөө, сот жана жаза дагы гумандуу болуп берилет. Мисалы 18 жаштан жогору жаран уурулук жасаса, ал эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми 18 жашка чейин болсо, аны эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза берилиши мүмкүн. Алсак, пробация берилиши ыктымал».

Ал эми адистер жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун өсүшүн аларга болгон көзөмөлдүн жоктугу менен байланыштырууда.

Ош шаарындагы мектептердин биринде иштеген мугалим Илгиз Шамырзаевдын айтымында, кылмыш жасаган өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү ата-энеси миграцияда жүргөндөр.

«Чоң ата, чоң апа жана башка туугандарына балдарын таштап кетишет. Алар ата-эне сыяктуу көзөмөл кыла алышпайт. Көзөмөлдүн жетишсиздигинен улам баланын бош убактысы көп болгондуктан ушундай кылмыштарга барууда», — дейт ал.

Ошондой эле ал бул көйгөйдүн алдын алуу жана токтотуу жолдоруна токтолду.

«Биз мектепте окуучулар арасында атайын анкета жүргүздүк. Анын жыйынтыгында, окуучулардын басымдуу бөлүгүнүн ата-энелери сыртта миграцияда экен. Эч ким ата-эне сыяктуу баланы көзөмөлгө ала албайт. Чоң ата, чоң апалары неберем деп аяп мамиле жасашат. Эркелетип коюшу мүмкүн. Жыйынтыгында балдар ушундай кылмыштарды жасоого барып жатышат. Көзөмөлдүн жоктугунан, убакытты кантип өткөрүүнү билбегендиктен көчө балдарына кошулуп, ушундай кадамдарга барууда. Муну ата-энелерге милдеттендириш керек. Алар калтырып кеткен туугандарынан балдарына туура көз салуусун талап кылышы керек. Аралыктан болсо дагы ата-эне байланыш аркылуу көзөмөлдөп турушу зарыл. Мындан сырткары кошумча сабактарга катыштырып, бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүү менен гана кылмыштуулуктун алдын алууга болот».

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2018-жылдын 6 айында өспүрүмдөр арасында 955 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырганда эки эсеге жогору. Тактап айтканда, 2017-жылдын биринчи жарымында жашы жете электер арасында 461 кылмыш иши катталган.

Кылмыштын басымдуу бөлүгүн уурулук түзөт. Андан кийинки орунда тоноочулук, каракчылык, адам өлтүрүү фактылары.

 

Copyright © 2017 Maral FM