Биз менен байланышыңыз

Бала бакчалар эми мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы аркылуу өнүктүрүлөт

Коом | 27 Дек 2022 | 1057 | 0

Кыргызстанда бала бакчаларды куруу, оңдоо, калыбына келтирүү, вариативдик формаларын башкарууну жана уюштурууну камтыган, жеке инвестор менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүү моделдери иштелип чыккан. Мындай кызматташуу мамлекеттик жана жеке инвесторлордун катышуусу менен ишке ашат.

Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борбору жана Билим берүү министрлигинин, ЮНИСЕФтин колдоосунда ишке ашырылган «Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү» долбоору 2021-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотовдун айтымында, өнүгүүнүн башка артыкчылыктуу багыттары менен катар билим берүү тармагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясында камтылган.

“Саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетика, айыл чарба жана башка көптөгөн тармактарда өз ара аракеттенүүнүн типтүү сунуштарынын долбоорлорун жана моделдерин иштеп чыктык.

Мындай база ири жана чакан ар кандай долбоорлорду узак мөөнөттүү жана натыйжалуу башкаруу үчүн иштелип жатканы маанилүү.

Жеке инвесторлор ачык конкурстар аркылуу социалдык-экономикалык объектилерди нөлдөн баштап жакшыртууга жана көп учурда калыбына келтирүүгө жардам бере алышат”.

Мындай долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын ар бир аймагында бала бакчалардын саны көбөйтүү зарылчылыгынан келип чыгууда.

ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү Кристин Жольм Кыргызстанда болжол менен эки миллион бала бар экенин айтып, ал жалпы калктын 40 пайызын түзөрүн белгиледи.

Аталган уюм ар бир төрт жылда изилдөө жүргүзүп турат. 2018-жылы балдардын мектепке чейинки билим алуусу 39 пайызды гана түзгөн. Бирок төрт жыл мурункуга салыштырмалуу өсүш бар. Жольм белгилегендей, бул көрсөткүчтү 80 пайыз же андан жогору чыгаруу максаты бар.

“Балдарды эрте жашта өнүктүрүүгө болгон инвестиция чоң мааниге ээ болуп, сарпталган ар бир доллар жети эсе көбүрөөк өлчөмдө кайтарылат. Ал эми социалдык пайдасы – билим берүү жана саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууда болуп саналат. Муну түшүнүп, кабылдашыбыз керек. Ошондуктан, мен  мамлекеттик жана жеке сектор уюмдарын өнөктөштүк механизми аркылуу билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошууга чакырам. Бул – жаркын келечекке, кыргызстандыктардын өсүп келе жаткан муунуна салым деп эсептейм”.

Демилгени ишке ашырууда пилоттук түрдө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылы тандалып алынды.

Ал жерде 1964-жылы курулуп, 2000-жылдан бери мыйзамсыз жеке менчикте болуп келген бала бакча бар. Таш Дөбө айыл өкмөтүнүн өкүлү Алмаз Курманбаев айылда үч гана бала бакча иштей турганын айтып, ар бир бешинчи бала бакчага барбай турганын маалымдады.

“Биздин райондо 6 айыл бар. Анда 240 миңден ашуун тургун жашайт. Жакынкы мекемелерде орун жетишсиз болгондуктан ар бир бешинчи бала бакчага барбайт. Үч бала бакча бар. Биро бирөөсү иштебегендиктен, жергиликтүү мектеп бала бакча катары дагы колдонулуп келүүдө. Эгер жаңы бала бакча ачылып калса, анда мектеп кеңейет эле. Сөз болуп жаткан бакча 60-70-жылдары курулуп, тилекке каршы, менчикке өтүп кеткен. Биздин айыл өкмөт соттошуп жүрүп, аны айыл өкмөттүн балансына кайтарып алганбыз. Бирок ал оңдоого муктаж. Бул бала бакчабыз долбоорго алынып, 2023-жылы ачылып калаарын күтүүдөбүз”.

Долбоорго кирген жана кире турган бала бакчалар акылуу болот, калктын аялуу катмарынын балдары үчүн акысыз болот. Бул боюнча билим берүү министрлигинде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жеңилдик алуучулардын тизмеси бар.

Бала бакчалардын акысы канча болору азырынча белгисиз, баа саясаты эми иштелип чыгат.

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттен да кошо каржылоо болот.

Copyright © 2017 Maral FM