Биз менен байланышыңыз

Сотто Орозайым Нарматова эсин жоготуп, кулады (видео)

Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 2173 | 0

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу апелляциялык арыз каралып жатат.

Отурум учурунда айыпталуучулардын бири  Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова өзүн жаман сезип, отурган жеринде эсин жоготуп, кулап түштү. Ал ачкачылык кармап жаткандардын бири.

Анын жакындары тез жардам чакыруусун талап кылышты. Тез жардам келип, аны сот залынан алып чыгышты.

Нарматованын ишин кароо 28-декабрга жылдырылды.

Copyright © 2017 Maral FM